Бүгүн, 15-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 13 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 7 түрүндө медалдар ойнотулууда.
Лыжа жарышы боюнча мелдеште кыз-келиндер 10 чакырым аралыкта күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында норвегиялык Рагниль Хага 25 мүнөт 0.5 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалдын ээси болду, швециялык Шарлотт Калла 25 мүнөт 20.8 секунд жыйынтыгы менен күмүш байгеге ээ болсо, норвегиялык Марит Бьёрген жана финляндиялык Криста Пярмякоски 10 чакырым аралыкты бирдей 25 мүнөт 32.4 секундда өтүп коло медалдарды тагынышты.
Айта кетсек, буга чейин муз үстүндө бийлөө, сноуборд, тоо лыжа спорту жана гигант слалом боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болгон.
Азыркы тапта жалпы командалык эсепте Германия курама командасы 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Норвегия курама командасы (5 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль), 3-орунда 5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.