Футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азербайжандын футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, беттеш 2018-жылдын 29-майында Баку шаарындагы Олимпиадалык стадиондо орун алат.
"Буга чейин көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Бүгүн эки тарап макулдашып оюнду өткөрмөй болушту. Бул жолдоштук беттеш эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тарабынан расмий жолдоштук беттештердин катарына киргизилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, Азербайжандын Баку шаарындагы Олимпиадалык стадион 2015-жылы ачылып, ага 69 миң 870 адам батат.
Эске салсак, буга чейин 2017-жылы орун албай калган Кыргыз-Мьянма беттеши Түштүк Кореяда өтө турганы белгилүү болгон.