Бүгүн, 15-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жөө жүргөн депутаттардан уялган Камчыбек Жолдошбаевге эки апта өткөн соң, Жогорку Кеңеште өнөктөштөр табылды. Ушул айдын башында парламенттин эл өкүлү Ак Үйгө маршруттук такси менен келген депутаттарды көргөндө уялганынан көрмөксөнгө салып, баш кийимин ылдыйлаткан бойдон алардын жанынан өз унаасында өтүп кетерин айткан эле. Жолдошбаев бул сөзүнөн кийин коомчулуктун катуу жемесине калган. Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров менен Альфия Самигуллинанын ою боюнча Жолдошбаевди эл мындай сөзү үчүн сындабашы керек экен. Жолдошбаев кызматтык унаа маселесин кайра кароодо прессаны залдан чыгарып коюп сүйлөшүү керектигин билдирсе, кийинки эки эл өкүлү коомчулук тарабынан айтылып жаткан ачуу сөздөргө журналисттерди айыпташты.
Бакиров журналисттер аял депутаттардын кызматтык унаага болгон муктаждыгын туура түшүнүүсү керек деп, бирок баарынан таң калычтуусу кызматтык унааны парламенттин аброюна теңегени болду. "Кызматтык унаа мыйзамда так көрсөтүлгөн ченем. Бул парламенттин аброю", - деди ал. Самигуллина болсо, журналисттер ызы-чуу жараткан окуяларды чагылдырбай, алар жазган маалыматтар коомго пайда келтириши керек деп чыкты. Айтмакчы, Самигуллина Жогорку Кеңешке жөө келип-кеткен 5 депутаттын бири. Андан тышкары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин айтымында, Аида Касымалиева, Евгения Строкова, Карамат Орозова, Наталья Никитенко да коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн катарында. Жөө жүргөндөр парламенттин аброюна шек келтирип жатат, эл караган бетин жер каратууда делгени менен, 120 депутаттын ар бирине бюджеттен ай сайын 40 миң сом бөлүнүп берилет. Аны жол чыгымына, мобилдик байланышка, кагаз-ручка сыяктуу муктаждыктарга коротушат. Мобилдик байланыш менен канцелярия көп каражатты талап кылбашы белгилүү. Эгерде жол чыгымына 30 миң сом калды десек да, эс алуу күндөрү да ишине келип кетет деп, 30 күнгө бөлсөк, күнүнө 1 миң сомдон туура келет. Жакыр өлкөлөрдүн катарынан жакында гана суурулуп чыккан Кыргыз мамлекети үчүн күнүнө жол чыгымына деп 1 миң сомдон берилиши ашкере эмеспи? Же жөө жүрүшөт экен деп 5-10 депутатка бюджеттин эсебинен кызматтык унаа сатып алынабы? А балким, бир кездегидей мунун баары депутаттарды кызматтык унаа, үй менен камсыз кылууга бара жатабы?
Кадыр-барктын тегерегиндеги сөз ушуну менен эле токтоп калган жок. Депутат Алмазбек Эргешов парламенттин 80 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чараларды өткөрүүнү коомчулуктун арасында Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүүгө керек деп айтты. Илимий конференциялар, китеп басып чыгаруу, тасма тартуу сыяктуу иштер жасалса, жакшы болмоктугун билдирди. Ошого эле улай “Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда парламенттин жыйынында 120 депутаттан 10го жакыны гана отурду. Жумасына болгону 2 күн гана жалпы пленардык жыйын өтөт. Жогорку Кеңештин аброюн юбилейлик иш-чара, аземдер менен эмес, иш менен көтөрүү керек. Ийри отуруп, түз кеңешип, олуттуу иштерди чечүүчү жыйындарга эл өкүлдөрүнүн мамилеси ушундай. Мына ушундай парламентти багууга кыргыз эли жылына 763 миллион сомго чукул каражат коротууда. Парламенттин кадыр-баркын көтөрүүнү олуттуу иштерде да ойлонушса...
17 күн мурун суу ичүүдөн баш тартышкан түрмөдөгү саясатчылардын ичинен Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков башка түрмөгө жөнөтүлөрдүн алдында СИЗО-1ге которулду. Ал эми Бектур Асанов азырынча №47-колонияда калтырылды. Ачкачылык акциясына кийинчерээк шарттуу кесилген Дастан Сарыгулов да кошулган. Жазаларды аткаруу кызматынын берген маалыматы боюнча, түрмөдөгү саясатчылардын абалы анчалык оор эмес. Бирок жактоочуларынын айтымында, алардын абалы оор, ал эми Бектур Асанов баса албай калган деңгээлге түшкөн. 12-февралда Кубанычбек Кадыров суу ичти деп айтылганы менен ачкачылык кармоону улантып жатканы маалымдалган. Эске салсак, буга чейин интернетке Бектур Асановдуку делген аудио тарап, андан “акыр аягына чейин ачкачылык кармайбыз” дегенин угууга болот.
Ачкачылык акциясы башталгандан бери саясатчылардын жакындары митингдерди өткөрүп келишүүдө. Анын соңкусу кечээ Ак Үйдүн алдында болуп өттү. Башкы талап катары – УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызмат ордунан кетиши жана ага карата кылмыш иши козголушу коюлуп жатат. Эгерде бул талап аткарылбаса, жогорудагы үчөө тамчылатма дары алуудан да баш тартарын билдиришүүдө.
Асанов, Кадыров, Карыбеков, Сарыгулов 2016-жылы “өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан” деген шек менен кармалышып, 2017-жылы Биринчи Май райондук соту тарабынан Асанов менен Кадыров 12 жылга, Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылган. Сарыгулов 4 жылга соттолуп, анын 3 жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленип, сот залынан бошотулган. 7-февралда бул иш боюнча Бишкек шаардык соту 1-инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Соттун чечимин дагы бир кароо мүмкүнчүлүгүндө Жогорку Сот калды. Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарын, анын катарында УКМК, прокуратура жана өзгөчө сотторду кескин сындаган эле. Ачкачылык акциясы аркылуу соттолгондордун талабы аткарылышы күмөн. А бирок түрмөдөгү саясатчылардын абалы оорлошсо, ансыз да ачуу сөздөр айтылып жаткан тармакта кырдаалдын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн...