18-февралда Бишкек шаарында элдик музыка сүйүүчүлөрү жана улуттук аспаптарга кызыккандар үчүн тайко-япон барабанында ойноо боюнча мастер-класс өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Барабанды уруп ойноону каалагандардын жашына чектөө коюлган эмес. Бардык курактагы каалоочулар катышса болот.
Япон маданиятынын улуттук символу болгон тайко барабаны мукамдуу ыргактарды чыгара албайт. Бирок ал өзүнүн сүрдүү дабышы менен угуучуларга руханий күч берет.