Инстаграм жылдызы Аминка-Витаминка жана анын сиңдилери. Атактуулукту кантип багынтканы тууралуу балакайлардын апасы айтып берет

Интернетте алгач Аминка-Витаминка деген ат менен күлкүлүү роликтерге тартылган кичинекей казак кызы популярдуу болсо, көп өтпөй ага дагы 2 сиңдиси кошулуп, учурда кичинекей бир туугандар бир гана Казакстанда эмес, КМШ өлкөлөрүндө да таанымал. Өзгөчө бир туугандардын кайнене менен келинди чагылдырган соңку роликтеринин бири учурда абдан популярдуу болуп жатканы талашсыз. SUPER.KG порталы жашоодон алынган кызыктуу видеолорго тартылып, балакай кезинен атактуулуктун даамын сезген кыздардын апасы Арай Малгаждар менен байланышып, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алды.

Кыздар ата-энеси менен

- Арай, алгач өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү тааныштырып өтсөңүз?

- Мен 29 жаштамын, жолдошум Рамазан 31де. Экөөбүздүн 7 жаштагы Амина, 5 жаштагы Адия жана 3 жаштагы Аруужан деген кыздарыбыз бар.

- Кыздарыңызды интернет жылдызы катары тааныйбыз. Алардын бул тармакка аралашканына канча убакыт болду?

- Улуу кызым Амина төрөлгөндө эле абдан таттуу кыз болчу. Мындан улам баарыбыз Аминка-Витаминка деп эркелетип койчубуз. Анан да төрөлгөндөн тарта эле видеого, сүрөткө тарта берчүмүн. Өзү кичинесинен таланттуу болгондуктан, 2 жаштан өтүп калгандан тартып, ар түрдүү анекдотторду айттырып, жаныбарларды, адамдарды тууратып, кыска роликтерди тарта баштагам. Ал эми андан кийинки кызым Адия 1,5 жашынан тарта эжесине кошулуп роль жарата баштаса, кичүүсүнүн эң алгачкы эпизоддогу образы 6 айында тартылган.

Амина жана Адия

- Кичинекей кыздар үчүн образга кирүү оорчулук жаратпайбы? Бир ролик тартуу үчүн канча убакыт талап кылынат?

- Албетте, башында кыйынчылыктар болгон. Кыздар жадакалса камерадан уялышчу. Азыр бул нерсе менен алектенип жатышкандарына 3 жылдан ашып калгандыктан, профессионал болуп калышкан. Инстаграм үчүн 1 роликти жарым саатта тартып, 15 мүнөттө монтаждап, айтор, 1 сааттын ичинде баракчага жүктөп койгон учурлар көп болот. Ал эми ютубга бир аз узун видеолорду жүктөгөндүктөн көбүрөөк убакыт керектелет.

- Күлкүлүү роликтердин сценарийлери кимге таандык?

- Сценарийлер жашоодон алынган, арасында өзүбүздүн баштан өткөн окуялар да бар. Көбүнчө жолдошум экөөбүз коомдо болуп жаткан актуалдуу көрүнүштөргө байланыштуу ар кандай сценарийлерди түзөбүз.

- Атактуулукка жетүү оңой болбосо керек?

- Чынын айтсам, башында роликтерди кыздарымды таанымал кылуу үчүн эмес, жөн гана алардын күлкүлүү кылык-жоруктарын видеого түшүрүп калуу үчүн тартчумун. Кийин өзүбүздүн үй-бүлөдөгү эле көрүнүштү чагылдырып, “Сиңдиңден планшетти кантип тартып алса болот?” деген кыска ролик тартканбыз. Ушул видео бир гана Казакстанда эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болуп кетти. Көп өтпөй орусиялык “Пусть говорят” берүүсүнө да чакыруу алдык. Мына ошондон тарта кыздарды көптөр таанып, ар түрдүү телеберүүлөргө чакыра башташты. Учурда көчөдөн таанып, “ушундай таланттуу кыздарды тарбиялап жатканыңарга рахмат” деп ыраазычылык билдиргендер болот. Эң негизгиси бул кыздарга жагат. Анын үстүнө Амина кичинесинен эле актриса болом дей берет. Мындан улам да аны максатына жеткирүү үчүн колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Ал эми кичүү кыздарым келечекте кайсы кесипти аркалайм десе да, каршылык жок. Менин урааным - “Чемпионду чемпион кылган анын апасы”. Андыктан, мен үчүн эң негизгиси кыздарды тилек-максаттарына жеткирүү.

- Учурда популярдуу болуп жаткан кайнене менен келин жөнүндө тартылган видео тууралуу да айта кетсеңиз...

- Амина былтыр “Келин дагы адам” деген киного тартылган. Андан соң аталган тасмага карата 1-2 пародия тартканбыз. Эл абдан жакшы кабыл алгандыктан, кайнене менен келин жөнүндөгү видеолорду сериал катары эле биринин артынан бири кылып, бат-баттан тартып турчубуз. Бирок соңку ирет баттл иретинде тарткан видеобуз Инстаграмда 1 сутканын ичинде миллион кароо топтосо, ютубда 2 суткада миллион кароого жетти. Тартып жатканда мынчалык популярдуу болот деп ойлогон деле эмеспиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
luuntik
2018-02-19 12:12:41
иий коз тийбесин соонун аткарышат да ушул кичекейлер
+13
Sagidko88
2018-02-19 12:18:14
суйом го ушул кыздарды! айрыкча келин болгонун
+8
Acord
2018-02-19 13:13:48
Татынакай кыздар экен
+4
MUHLISA
2018-02-19 13:18:12
Бири биринен ашкан ширин кыздар экен,
+4
raykray
2018-02-19 14:23:44
Менин кызымда жадабай корот,жаттап аткара баштады хе.хе. Ар бир бала бактылуу болсун!!! Силерге мынданда бийик атак данк каалайм мммахх
+2
nargiz94
2018-02-19 15:56:08
Уй булобуз мн ар бир сериалын калтырбай коробуз. Кыздарым да жадабай кечке корушот. Талантту уй було, бактылуу болушсун
+1
janaika-95
2018-02-19 18:53:53
1 жарым жылдан бери тааныймын. Ошондон бери коруп келемин. Бактылуу кыздардан болуп чонойо беришсин
+1
vikidiki
2018-02-19 22:08:47
очумела в 40 лет '- дегенин унута албайм гооо. Таланттуу кыздар.
+1
naziman
2018-02-20 10:56:31
Иий ширин кыздар, бактылуу болушсун, мен таптакыр эле телевизор корбойм го булар тартылган передачаны коргон эмесмин.Эмне деген передачага тартылышат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан