Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп жолду жаап калды

Бүгүн, 15-февралда Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымын жаап калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кардаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кар көчкүдөн жабыркаган эч ким жок.

"Кар көчкү саат 19:30 чамаларында түшкөн. Унаа жолгон түшкөн кардын көлөмү 1 миң 800 метр кубду түзөт. Буга байланыштуу "Сосновка" жана "Арал" постторуна унаалар үчүн чектөө киргизилди. Кар көчкү түшкөн аймакка тийиштүү техникалар жеткирилип, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Буга чейин да жол коопсуздугун алдын алуу максатында "Сосновка" жана "Арал" постторунда унаалар үчүн мезгил-мезгили менен убактылуу чектөөлөр киргизилип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2018-02-15 22:44:46
Сапарга чыккан мусулмань бир туугандар эсен аман жетип алышсын Аллахым өзү кырсыктан сактасын аамин.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан