Улуу Британиянын борбору Лондондо Кыргыздын белгилүү режиссёру Эрнест Абдыжапаров тарткан "Саякбай" тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Тасма кинорежиссёрлордун эл аралык фестивалында көрсөтүлүп, ага Кыргыздын Британиядагы элчилигинин өкүлдөрү жана тасманын жаратуучу тобунун мүчөлөрү Айзада Өмүралиева менен Айгүл Кыдыралиева катышты. Иш-чара 10-февралдан 17-февралга чейин өткөрүлөт. Кинорежиссёрлордун эл аралык бул фестивалы Европадагы эң популярдуу маданий иш-чара болуп эсептелинет.
"Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу баяндалган бул тасма чет элдик кино сүйүүчүлөрдүн купулуна толо алган. Алар бул фильм аркылуу кыргыздын тарыхынан, маданиятынан түшүнүк ала алышты. Анда Чыңгыз Айтматов жөнүндө да чагылдырылган", - деп жазылат маалыматта.