Кувейтте дайынсыз болуп жаткан үй кызматчысынын денеси муздаткычтан табылды. Дене муздаткычта бир жылдан ашык турган

Жоанна Демфелис 4 жыл мурун Филиппинден Кувейтке келип, үй кызматчысы болуп иштей баштаган. Акыркы жолу аны бир жарым жыл мурун тирүү көрүшкөн.

Чет элдик басылмаларда жазылгандай, ал Кувейтке келгенден кийин үй-бүлөсү менен байланышып сүйлөшүп турган. Кийин кетерине аз калганда жумуш берүүчүлөр менен келишимин узарта турганын айткан. Туугандары кызынын келишимди узартууга ыктыярдуу макул болгонунан шек санашууда. Анткени Жоанна тааныштарына ал кызмат көрсөткөн үй-бүлө өтө орой мамиле жасагандыгын айтып берген.

Бир жарым жылдан бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы үй кызматчысынын денесинин жиликтенген сөөктөрү өткөн аптада Кувейттеги батирлердин биринен муздаткычтан табылган. Эксперттер кызды кыйнап өлтүрүшкөн деген жыйынтык чыгарышууда. Анын денеси муздаткычта бир жылдан ашык сакталган.

Полиция Жоанна кызмат көрсөткөн түгөйлөр мындан бир жыл мурун Ливанга көчүп кеткенин аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
vavilon.
2018-02-16 08:34:07
Кыргызга окшош экен, жакшынакай экен.
+6
nurhan2702
2018-02-16 08:52:09
Тообо дагы канча жыл сактагысы келди экен. Кантип таап алышты экен. Кыргызга окшош экен
+4
-Sumitra-
2018-02-16 09:25:55
Тообо,олтуруп жиликтеп холодильнике салып коюшуп, кантип тынч уктап журушот дейм да акмактар!Аллах жазасын берсин ким кылса да.Чырактай кыз экен эле байкуш.
+14
gulya583
2018-02-16 12:57:45
Бизге окшошго кыргыздарга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан