Кышкы Олимпиада оюндары: Алтынчы мелдеш күнүнүн жыйынтыгы

15-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын алтынчы мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 7 түрү боюнча медалдар ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар:

  • Тоо лыжа спорту;
  • Биатлон;
  • Чана спорту;
  • Лыжа менен жарышуу;
  • Муз үстүндө бийлөө;
  • Сноуборд;
  • Коньки менен чуркоо;

Тоо лыжа спорту

Тоо лыжа спортуна кирген лыжа менен жогорку ылдамдыкта түшүү мелдешинде жалпы 81 спортчу катышкан. Анда норвегиялык Аксель Свиндаль 1 мүнөт 40,25 секунд жыйынтыгы менен алтын медалдын ээси болду. Дагы бир норвегиялык спортчу Хьетиль Янсруд мекендешинен 0,12 секунд артта калып 2-орунда жайгашты. Ал эми 3-орунду швейцариялык Беат Фойц ээледи, анын жыйынтыгы 1 мүнөт 40,43 секунд болду.

Тоо лыжа спортуна кирген гигант слалом боюнча мелдеште 58 спортчу катышты. Анда АКШлык Микаэла Шиффрин эки старттын жыйынтыгында 2 мүнөт 20.02 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, алтын медалды тагынды. 2 мүнөт 20.41 секунд жыйынтыгын көрсөткөн норвегиялык Рагнхильд Мовинкель күмүш медалдын ээси болсо, италиялык Федерика Бриньоне 2 мүнөт 20.48 секунд жыйынтыгы менен коло медалды жеңип алды.

Биатлон

Биатлон боюнча эркектер арасындагы мелдеште 86 спортчу катышып, 20 чакырым аралыкка күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында норвегиялык Йоханнес Тиннес Бё марага 48 мүнөт 3.8 секундда келип, алтын медалды тагынганга үлгүрдү. Словениялык Яков Фак 48 мүнөт 9.3 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, күмүш медалдын ээси болду. Марага 48 мүнөт 18 секундда келген австриялык Доминик Ландертингер коло байгенин ээси болду.

Биатлон боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 87 спортчу катышып, 15 чакырым аралыкка жарышты. Бул аралыкты 41 мүнөт 7.2 секундда ашып өткөн швециялык Ханна Эберг алтын медалын тагынды. Словакиялык Анастасия Кузьмина 41 мүнөт 31.9 секунд жыйынтыгы менен Олимпиада оюндарында 2-күмүш медалын жеңип алды, Анастасия буга чейин 10 чакырым аралыктагы жарышта күмүш медалга ээ болгон. Ал эми буга чейин 2 алтын медалдын ээси германиялык Лаура Дальмайер бул ирет чемпиондон 41,2 секунд артта калып, коло медаль тагынды. Ал буга чейин 7,5 жана 10 чакырым аралыктагы жарышта алтын медалдарды багындырган.

Лыжа менен жарышуу

Лыжа жарышы боюнча мелдеште кыз-келиндер 10 чакырым аралыкта күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында норвегиялык Рагниль Хага 25 мүнөт 0.5 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, алтын медалдын ээси болду. Швециялык Шарлотт Калла 25 мүнөт 20.8 секунд жыйынтыгы менен күмүш байгеге ээ болсо, норвегиялык Марит Бьёрген жана финляндиялык Криста Пярмякоски 10 чакырым аралыкты бирдей 25 мүнөт 32.4 секундда өтүп коло медалдарды тагынышты.

Муз үстүндө бийлөө

Бул мелдеште жалпы 16 команда күч сынашты. Анда алтын медалдын ээлери германиялык Алёна Савченко жана Бруно Массо болду, алар 235,90 упай топтоп 1-орунду ээлешти. 235,47 упай топтогон кытайлык Суй Вэньцзин жана Хань Цун күмүш медаль жеңип алышса, канадалык Меган Дюамель жана Эрик Рэдфорд 230,15 упай топтогонго жетишип, 3-орунду камсыздашты.

Чана спорту

Чана спорту боюнча бул күнү акыркы жарыштар орун алды, бул ирет 4 спортчудан турган командалар жарышка түштү. Анда 1-орунду германиялык Натали Гайзенбергер, Йоханнес Людвиг, Тобиас Вендль жана Тобиас Арльт ээлешти, алардын жыйынтыгы 2 мүнөт 24.517 секунд болду. 2-орунду канадалык Алекс Гоф, Самуэль Эдни, Тристан Уокер жана Жастин Снит жеңип алды, алар 2 мүнөт 24.872 секунд жыйынтыгын көрсөтүштү. Австриялык Маделейн Эгле, Давид Гляйршер, Петер Пенц жана Георг Фишлер марага 2 мүнөт 24.988 секундда жетип коло медалдарды тагынышты.

Сноуборд

Эркектер арасында өткөн мелдеште жалпы 39 спортчу күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында франциялык Пьер Вольтье 1 мүнөт 13.14 секунд жыйынтыгын көрсөтүп алтын медалдын ээси болду. 2-орунду италиялык Омар Визинтин багындырды, анын жыйынтыгы 1 мүнөт 13.25 секунд болду. Ал эми испаниялык Рехино Эрнандес 1 мүнөт 13.67 секунд жыйынтыгы менен коло медалды жеңип, курама командасы үчүн алгачкы медалды алып келди.

Коньки менен чуркоо

Коньки менен чуркоо мелдешинде эркектер 10 миң метр аралыктагы жарышта күч сынашты. Анда канадалык Тед-Ян Блумен 12 мүнөт 39.77 секунд жыйынтыгы менен биринчи келип, алтын медалды тагынды. Голландиялык Йоррит Бергсма күмүш медалга ээ болду, ал 10 чакырым аралыкты 12 мүнөт 41.98 секундда ашып өттү. 3-орунду 12 мүнөт 54.32 секунд жыйынтыгын көрсөткөн италиялык Никола Тумолеро жеңип алды.

Азыркы тапта жалпы командалык эсепте Германия курама командасы 9 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунду Норвегия курама командасы 6 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль менен ээлесе, 3-орунда 5 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-02-16 10:00:55
Биатлондон Норвегиялык Йоханес Бе эки мишенди жаба албаса да,чисто аткандардан да ашып откону ото жакты.Йоханес дагы алтын кутом-масс стартта!
0
sely
2018-02-16 10:03:10
Эмне Россия жокпу
0
Dembele84
2018-02-16 11:56:52
sely,Россия бар,но бир да шанс жок аларда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан