Бишкек шаарында 27-февралдан 4-мартка чейин өтө турган эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган Кыргыз курама командасы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдирди.
Анда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда орун ала турган эркин күрөш боюнча мелдеште Кыргыздын намысын Айбек Усупов, Муслим Евлоев, Эламан Догдурбек уулу жана башка белгилүү спортчулар коргошот.
Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын тизмеси:
57 килограмм салмак ченинде: Алмаз Сманбеков;
61 килограмм салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков;
65 килограмм салмак ченинде: Эрназар Акматалиев;
70 килограмм салмак ченинде: Эламан Догдурбек уулу;
74 килограмм салмак ченинде: Муслим Евлоев;
79 килограмм салмак ченинде: Атай Изабеков;
86 килограмм салмак ченинде: Динислам Таалайбек уулу;
92 килограмм салмак ченинде: Бахтияр Карагул уулу;
97 килограмм салмак ченинде: Айбек Усупов;
125 килограмм салмак ченинде: Мурат Рамонов;
Башкы машыктыруучу: Руслан Мажинов;
Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Таабалды уулу.