Кыргыз өлкөсүндө жанкечти-террорчу кармалды. Ал Сирияда атайын даярдоодон өткөн

Кыргыз өлкөсүндө жанкечти-террорчу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 1992-жылы туулган У.К. аттуу жаран Кыргыз жергесинде террордук актыларды жасоо үчүн Сирияда террордук топтун атайын жанкечтилерди даярдоосунан өтүп келген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Беренелер: "Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекетте куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан өтүү" жана "жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу".

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү УКМКнын СИЗОсуна камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
memphis7
2018-02-16 12:53:21
Саламатсыздарбы супер инфо эмне учун ушул аттарды толук жазбайсыздар аты толук жазылбаса бизге пайдасы жокко себебин айтып бериниздерчи?
+6
Yahoo
2018-02-16 13:06:40
memphis7
жон эле кармалды. Сот далилдеп соттун чечими чыкканга чейин аты жону жазылбайт.
0
abzhaparov17
2018-02-16 17:12:16
Yahoo,сен созго тушуносунбу бир аз болсо да маани берсен созго аны жон эле кармаган эмес аны жангеч сириядан атайын даярдыктан отуп келген деп айтып жатат
+1
Baku88
2018-02-16 13:08:20
Мына сакалчан хиджапчандардын акыр аягы келип ушуга такалат. Кудайым сактаптыр дагы кармап калышыптыр. Канча адамдын каны төгүлмок. Тез арада сакал койгонго хиджап кийгендерге тыюу салыш керек.
-1
Ermekbai
2018-02-16 13:20:08
Baku88,хиджап кийген, сакал койгондун баары жаман адам эмес. Арак ичкен адамдын баары алкаш эмес.
+4
ASEL252530
2018-02-16 13:22:03
Baku88,сакал койгон, хиджаб кийгендер менен террористтерди адаштырба, булар шеиттер калп эле мусульманмын дегендер жана акчага алдангандар, ислам боюнча тушунугунор жок экендиги корунуп турат!!!
+1
MAN-CITY
2018-02-16 13:28:08
Baku88 Сен деги мусулмансынбы? Аллахтын барына ишенесинби?
0
Nurmat92
2018-02-16 15:17:30
Baku88,кудай сактасын бирок Кыргызстандан террористер тиги жерди жардырып кетти дегенди уга элекмин, жана террор менен сакал хиджаптын жолдору такыр башка. Капырлар мусулман элин жамандаш үчүн сакал коюп же хиджап кийип алып кылып атышат
-1
kyrgyz.kg83
2018-02-16 13:49:24
Бул көрүнүшкө ким ишенди билбейм.бул дагы укмканын кезектеги спектакли деп ойлойм.Жээнбеков сүйлөгөнүнө карата типа иштеп жатабыз деген СПЕКТАКЛЬ
+1
abzhaparov17
2018-02-16 13:58:43
Ушул озбектер тойгозду кыргызстанда болсо кыргызстанда чет жерде болсо чет олколордо кыргызды жаманатты кылып озбектерге паспорт берууну токтотуш керек вобше эле бербеш керек
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан