Бишкек шаарында 27-февралдан 4-мартка чейин өтө турган кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катыша турган Кыргыз кыз-келиндер курама командасы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдирди.
Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков Азия чемпиондугуна катышууга 5 спортчуну чакырган. Алардын ичинде жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова бар.
Белгилүү болгондой, Кыргыздын мыкты балбаны Айсулуу Тыныбекова бул ирет Азия чемпиондугуна катышпастан, Нурбек Изабековго жардамчы болот.
Кыргыз курама командасы:
50 килограмм салмак ченинде: Саяна Баизова;
53 килограмм салмак ченинде: Мадина Надирова;
59 килограмм салмак ченинде: Нураида Анаркулова;
68 килограмм салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова;
76 килограмм салмак ченинде: Айпери Медет кызы;
Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков.