Бишкекте окуучу кызды зордуктоого аракет кылган деп 28 жаштагы адам шектелип камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда окуя, 9-февралда саат 10:00дөр чамасында болгон.
"Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда жайгашкан 73-мектепте 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды. Ал мектептин дааратканасына кирип барып, чыгып келе жаткан кызды кармап, зордуктоого аракет жасаганда башка окуучу көрүп калып, жолтоо болгон. Окуучу кыйкырып коопсуздук кызматкерин чакырганда шектүү качып кеткен. Көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, аты-жөнү такталды. Ага ылайык, ал эч жерде иштебеген, 28 жаштагы М.М. аттуу адам экени аныкталды. Ал окуучу кызды зордуктоого аракет кылган учурда мас абалында болгон. Кийин ага 133-берене (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен эки айга камакка алынды", - дейт басма сөз катчы.