Бүгүн, 16-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Учурда скелетон боюнча мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды.
20 спортчунун арасында өткөн мелдеште Түштүк Кореянын спортчусу Юн Сун Бин эң мыкты көрсөткүч менен алтын медалдын ээси болду. Ал марага чейин 50,02 секундда жетти. 2-орунду 50.56 секунд жыйынтыгы менен Эл аралык олимпиада комитетинин желегинин алдында катышып жаткан орусиялык спортчу Никита Трегубов ээледи. 3-орунда 50.61 секунд жыйынтыгын көрсөткөн британиялык Доминик Парсонс жайгашты.
Айта кетсек, буга чейин тоо лыжа спортуна кирген супергигант боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.
Жалпы командалык эсепте азыркы тапта Германия курама командасы 9 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Норвегия курама командасы (6 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль), 3-орунда 5 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.