Бишкекте поезд сүзүп кеткен адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы түндүк темир жол бажысына жакын жерде табылган белгисиз адамдын аты-жөнү такталды. Ал Сузак районунун 1969-жылы төрөлгөн Б.Н. аттуу жараны болгон.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январь күнү саат 23:30дар чамасында белгисиз адамды поезд сүзүп кеткен. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.