Жол кырсыгынан апасы каза болуп, өзү бир бутунан ажыраган 1 жаш 8 айлык кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда атасы Жыргалбек Чотонов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, наристени учурда чоң энеси карап жатат.
"Мен кызымдын жанында чыдап отура албай жатам, ага байланыштуу учурда чоң энеси карап жатат. Ден соолугу азыр туруктуу эле, ооруканадан качан чыгары азырынча белгисиз. Анын абалын сурап ооруканага келгендер көп. Учурда көпчүлүк өздөрүнүн демилгеси менен кызыма протез салдыруу үчүн акча чогултуп жатышат. WhatsApp аркылуу кызыма каражат жагынан жардам берүүгө чакырган билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн телефон номер меники", - дейт Жыргалбек Чотонов.
Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.