Бүгүн, 16-февралда футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 2-айлампасы старт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-айлампанын 1-туру Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) орун алат. Анда "В" жана "С" тайпаларындагы командалар кез келет.
Азыркы тапта Суперлиганын турнирдик жадыбалында 21 упай топтогон Оштун "EREM" командасы 1-орунда келе жатат. Бишкектик "Алга" 18 упай менен 2-орунда жайгашса, 3-орунду 15 упайдан топтогон "Мурас", "Фарватер" жана "Жакшылык" командалары бөлүшүп келүүдө.
2-айлампанын 1-турунун тизмеси:
16-февраль:
17:00 "Sun City"-"Фарватер"
18:30 "Алга"-"Мурас"
20:00 "Бакубат Талас"-"Жакшылык"