Бүгүн, 16-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Азыркы тапта тоо лыжа спортуна кирген слалом боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Слалом боюнча мелдеште медалдар үчүн 78 спортчу күч сынашты. Анда 2 старттын жыйынтыгында марага 1 мүнөт 38.63 секундда жеткен швециялык Фрида Хансдоттер алтын медалдын ээси болду. 2-орунду Хансдоттерден 0,05 секунд артта калып калган швейцариялык Венди Хольденер багындырса, 3-орунду 1 мүнөт 38.95 секунд жыйынтыгын көрсөткөн австриялык Катарина Галльхубер жеңип алды.
Айта кетсек, буга чейин скелетон, сноуборд жана супергигант мелдеши боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.
Жалпы командалык эсепте азыркы тапта Германия курама командасы 9 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Норвегия курама командасы (6 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль), 3-орунда 5 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.