Кыргыз мамлекетинде оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн адам орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда 28 жаштагы М.А. аттуу Талас облусунун тургуну 97-берене (адам өлтүрүү) менен айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн.
"Орусиянын Москва шаарында жашынып жүргөнү аныкталып, 5-январда жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ал Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Аны Кыргыз өлкөсүнө жиберүү боюнча тиешелүү маселелер каралып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.