Ырчы Алина Жетигенова имиджин өзгөрттү. Бул тууралуу ырчы өзү SUPER.KG порталына айтып берди.
Маалым болгондой, анын өзгөрүүсүнө алдыда боло турган жаңылыктарга кадам таштаганы себеп болгон.
"Келбетиме жаңылык киргизип турууну жактырам. Аны чач жасалгамдан баштадым. Негизи чачым коюу, бирок акыркы учурда учтары эки ача болуп кеткен. Эки иштен бир иш деп кыскартып салдым. Көптөн бери кыскарта элек болчумун. Азыр башыма табак кийип алгандай болуп, көнбөй жатам. Жакындарым жарашат экен дешти", - дейт ырчы.
Ошондой эле бул чач жасалгасы жаш кезиндеги чачына окшошуп калгандыгын кошумчалай кетти.