"Ала-Арча" жаратылыш паркында аскадан кулап кеткен альпинист изделүүдө

"Ала-Арча" жаратылыш паркында аскадан кулап кеткен альпинист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15-февралда альпинист аскадан кулап, асканын жаракасына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 7 куткаруучу тартылган. Издөө иштери 16-февралда саат 13:00дө баштаган.

Ошондой эле басма сөз кызматынан учурда кырсыкка кабылган альпинист кайсы мамлекеттин жараны экени тууралуу азырынча маалымат жок экендигин да кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Batma08
2018-02-16 15:20:16
Аскада не бар экен эми
0
Nurik1988
2018-02-16 15:20:58
Кыргызстан проходной двор экенин билдиресиннрда!!! Ка мы олкодон келгенин билбейсинер даже
+2
1919
2018-02-16 15:36:10
Бюджеттен акча болуш керек.
+1
aerforce
2018-02-16 16:33:24
чынында бизде ким эмне кылып жургонун билбейсинер балким терористер турист болуп изучайтетип жургондур бул жерден туруп аьып атса кантет деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан