Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиева эми дизайнерлик кесип менен алектенет. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен башынан эле кийим тигүүгө кызыкчумун. Акыркы учурда көйнөктөрүмдү да кооздой коюп жүргөм. Негизинен келиним профессионал дизайнер-конструктор. Ага мен идеяларымды айттым. Айымдардын азыркы кийимдерин чыгарууда экөөбүздүн оюбуз туура чыкты. Жакында алгачкы коллекциябызды эл алдына алып чыгабыз", - дейт ырчы.