Кримтөбөл Камчы Көлбаев Орусиянын аймагында кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 16-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Кабарды тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, бул тууралуу азырынча алардын маалыматы жок экенин билдиришти.
"Камчы Көлбаевге негизи Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган, бул тууралуу Орусиядагы тийиштүү органдар бизге билдиришкен", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.