Жаш аткаруучулар Нурсултан Азыкбаев менен Аяна Касымованын акыркы учурда чогуу түшкөн сүрөттөрү талкуу чордонунан түшпөй келет. Социалдык тармактын колдонуучулары Аяна менен Нурсултандын ортосундагы махабат мамилесине кызыкдар. Алтургай, айрым маалымдоо каражаттары жаш ырчылардын сүйүү мамилесин курганына 1 жыл болгонун да жазып чыгышкан.
Эгиз козудай ээрчишип, сүрөттөргө чогуу түшүп, телеберүүлөргө барып жүргөндөрүн көрүп, чын эле кыз-жигитпи деген суроо жаралды. Табышмактуу махабаттын күнөөкөрү Нурсултан Азыкбаев SUPER KG порталына жооп берди.
"Аяна экөөбүз жеке жашообузду, сүйүү мамилебизди жашыруу тууралуу сүйлөшкөнбүз. Учурда бизди достук жана чыгармачылык гана байланыштырып турат. Ал эми чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз кийимдерди жарнамалоо үчүн тартылган. Эгер сүйүүмдү таап, мамиле курсам аны ачык эле айтам", - деди ырчы мырза