10 жашар казакстандык бала Рамзан Кадыровдун уулдарын кармашка чакырды

Казакстандын 10 жаштагы тургуну Абай Тажибай Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун уулун күрөш талаасына чакырды. Анын бул кадамы эрежесиз эр мушташтын куруна жетүү үчүн жасалган. Мындай маалыматты коңшу өлкөнүн басылмалары таратышты.

Абайдын атасы: "Рамзан Кадыров менен байланыша албай жатабыз. Ошондон улам коомчулукка жар салууга туура келди. Бул уулумдун каалоосу. Чечен Республикасынын президенти патриот адам. Ал уулдарына "баш тартпагыла" деген кеңешин берет жана Абай күткөн уруш орун алат деп ишенем", - деп билдирген.

Рамзан Кадыровдун Ахмад жана Адам аттуу уулдарынын жашы, салмагы Абай менен мушташууга дал келет. Учурда алардын макулдугу күтүлүүдө.

Абай кикбоксинг менен 8 жашынан тарта машыга баштаган. 10 жашында Астана шаарынын чемпиону болгон. Бир жыл мурда 10 жаштагы балдар арасында мелдеш өтүп, анда ММА`нын профессионалдуу курун Рамзан Кадыровдун уулдары жеңип кеткен. Абай кур үчүн жеңишти камсыздаган чемпиондорду жеке урушка чакырам дегенде, ата-энеси "тажрыйбаң жетишсиз" деп уруксат берген эмес. Ошондон кийин катуу машыгып, эми президенттин уулдарын күрөш талаасына чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Atas
2018-02-17 03:10:17
Жакшы женишке жетип атасын таанытып кой ))
+7
Dembele84
2018-02-17 09:06:31
Бул законго туура келбейт!
+5
Kuba-savai87
2018-02-17 10:11:45
Азамат, ушундай максат керек.ошондо ийгилик жаралат.
+4
Alixan-Nookat.2015
2018-02-17 10:24:37
Бизде да 3 бир тууган ага инилер бар элего кикбоксинг боюнча чемпион балдар ошолор Рамзан Кадыровдун баласын жөн эле уруп койот болуш керек.
+7
Agayu
2018-02-17 10:54:54
Жаш баланын нерв жактан жабырлануусуна алып келет да,эми оз ата энеси ушуга жол берсе башка эмне дей алабыз .Аны психологиялык жактан тарбиялап бышырып жэткируу керек болчу , чонойгондон кийин деле жэтишмек .
+3
Batma08
2018-02-17 11:23:37
Красавчикго
+4
bazarkyl
2018-02-17 12:19:59
Кадыровду каратып,(маймылдар) балдарын төпөчтөп сабаса экен, сүйүнөт элем
-1
33SUUN
2018-02-17 14:10:31
Жаш бала мушташка чакырса Рамазан мейли деп балдарын мушташтырып коёт беле.Казак тууган баласын кичине тарбиялап,ашыкпай тур десе болмок экен.
-1
Baha.Kent
2018-02-17 14:29:34
Жакшы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан