Орусияда бала бакчанын тарбиячысы 3 жаштагы кызды сыртта унутуп кетип наристе тоңуп калды

Орусиядагы бала бакчалардын биринин 3 жаштагы тарбиялануучусу сейилдөөдөн кийин ойногон жеринде тоңуп, чарчап калган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 16-февраль күнү эртең менен саат 9:00дөр чамасында бала бакчанын тарбиячысы балдарды сейилдетүү үчүн сыртка алып чыккан. Андан кийин баары кайра бакчага кайтып келип, эртең мененки тамактанууга отурушкан. Ошол учурда бакчанын кызматкерлери балдардын бири жок экенин байкашкан.

Алар наристени издей башташкан. Кайрадан сыртка чыгып эртең менен сейилдеген жайлардан калың кардын арасынан тоңуп жаткан кыздын жансыз денесин табышкан. Бул мезгилде сааттын жебеси 11:00 болчу.

Айрым маалыматтар боюнча, кыз сыртта ойноп жаткан мезгилде эле өзүн жаман сезип, жыгылып калган болушу мүмкүн. Аны тарбиячылар байкабай бакчага кайтып кетишкен.

Укук коргоо органдарына кыздын атасынын билдиришинче, кызынын эч кандай оорусу жок болгон, мындан мурдараак кызынын денесинен ойноп жатып жыгылгандан калган көгөргөн жерлерди байкашкан. Акыркы убакта кызы "бала бакчага барбайм" деп ыйлап, чыргоолонуп жүргөн. Ата-энеси алар кызыбызды ошол жерге унутуп таштап кетишип, көп убакытка чейин эстешкен эмес деп божомолдошууда.

Бул иш боюнча "шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
naziman
2018-02-17 07:56:51
Кудай сакта. Ушундан кийин кантип бала бакчага балабызды беребиз. Ушундай шалаакы адамдардын айынан канчалаган омурлор кыйылып жатат.Жоопкерчилик деген жок болуп калды адамдарда
+5
Cleo-13
2018-02-17 09:44:58
Акыркы кундору бала бакчадагы чырлар кобойду го эч ким баласын жоноткусу келбей калды
+2
Baku88
2018-02-17 10:49:30
Кудайым жаш наристелерге ырайым кыл
+2
UmBaEl
2018-02-17 11:46:33
Тообо кылдым.Кудай сактасын.Ата-энеси бакчада деп ,конул ток жургондур эле байкуштар.
+3
JaneEr
2018-02-17 13:32:08
Азербайджан кыз экен байкуш.Унчукпай коюшса керек орустар тарбиячыларды жоопкерчиликке тартпай.
+2
Parish
2018-02-17 18:17:39
Ой тооба кылдым,бул акмакчылык да канча баланы откоруп алганын эшиктен кайра санап киргизбейби ?
+1
alikgz
2018-02-17 19:53:08
Кече биздики садиктен суучечек деген оруу жугузуп келиптир эми айла жок уйдо карап жатабыз,

садиктерде мед айым жок эч кандай текшеруулор жок ...
+1
aigulu
2018-02-19 03:18:26
Эртен менен да сейилдоого чыгабы, эртен мененки тамакты жеп анан саат 10 до чыгат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан