Таласта жарандын жылкысы коңшусунун үйүнөн табылды. Бул арада милиция башка адамга күнөөнү коюу үчүн башына баштык кийгизип кыйнаган

Таласта тургунду жылкы уурдоого шектүү катары кармап, кыйноого алган милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 16-февралда кабарлашты.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 25-декабрында Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери К.Г. аттуу жарандын жылкысын уурдоого шектүү катары М.А. аттуу жаранды кармашкан. Кийин жылкы уурдаганын моюнуна алдыруу үчүн анын башына полиэтилен баштыгын кийгизип токмоктошкон.

Бирок жылкы уурдоо фактысынын негизинде жүргүзүлгөн териштирүү учурунда К.Г. аттуу жарандын жылкысы өзүнүн коңшусунун үйүнөн табылгандыктан кылмыш иши токтотулган. Ал эми шектелип кармалган адамга дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал денесинен оор жаракат алганы аныкталган.

Учурда кыйноо фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишин териштирүү УКМКнын Талас облусундагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
rysik79
2018-02-17 05:05:05
Ак ийилет бирок сынбаайт.
+7
rysik79
2018-02-17 05:05:42
Карандай дооматтан сактай кор Кудайым!!!
+10
Tunerbei1812
2018-02-17 07:59:34
Милиция деген барган сайын зоокур эле болуп баратышат. Акыретти ойлошпойт экенда. Эх шум дуйно.
+9
Adiletia
2018-02-17 08:39:59
Tunerbei1812, акыретти миллиарддар менен аша ойлобогондон кийин буларга баарыбирда
+2
Baiaman997
2018-02-17 16:11:32
Tunerbei1812,ошол учун ,мусор деп койотда
+1
Nanei
2018-02-17 17:04:58
Tunerbei1812,ошондо коншусу уурдап кеткен болобу?? Ия??
+1
Dembele84
2018-02-17 09:03:29
Бизде озу камалгандардын жарымынан кобу эле ушул сыяктуу болуш керек.Жакшы териштирбей эле кочодон бироону кармап,токмоктоп мойнуна алдырып камап коюп,что-бы таптык,иштеп жатабыз деген тур корсотушуп.
+13
abon
2018-02-17 11:13:02
бечарага ичим ооруду
+1
Missing-u
2018-02-17 11:33:30
Бардык эле жерде иши жок ичип жургон же анча мынча камалган адамдард жок жерден ушинтип кыйнайт мойнуна ал деп муну баары билет,жакында эле бир озу жашаган киши анча мынча ичет болчу уурулука шектуу деп кармап жок жерден 3 жылга кестирип милиция малын каратып журуптур 1,5 жылдан кийин ууру коп адамды тоногондон кийин табышып бечара мал караганды кое беришти,не за что мал карап кор болуп журду мындай корунуштор толтура
+2
Dalil
2018-02-17 11:36:38
Пакет кийгизип кыйноо аркылуу кылмышты моюнуна алдыруу кеңири тараган түрү. Сурак жүргөн жерге камера коюлушу керек болбосо кылмыш жасаган киши табылбаса күнөөсү жок эле бирөөнү каматып ийишет.
+6
Bakyt7492
2018-02-17 13:18:05
Бул органдагылар форманы кийгенден кийин бул дүйнөнү унутуп калышат да, башка дүйнөдө жашап калышат.Элди коргойм деп кызматка келгени менен кордогону өтөт.Бейкүнөө бирөөнү күнөөлөп званиясын көтөрүшөт.
0
monok2001
2018-02-17 17:09:04
Мм уяты жок иим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан