Америкалык ырчы Сиара коомчулукка кызынын сүрөтүн жарыялады

Америкалык ырчы, модель, актриса жана продюсер Сиара биринчи жолу кызынын сүрөтүн коомчулукка көрсөттү.

Өткөн жылдын апрель айында Сиара жана анын жолдошу, футболчу Рассел Уилсон кыздуу болуп, ысымын Сиенна Принцесс деп аташкан. Наристеси жарыкка келген күндөн тарта эле папараццичилерден жашырып келишкен. Убакыт-сааты келгенби, айтор, Сиара кызынын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

"Сиенна - таттуу периште! Бүгүн баары башталат. Сиздер менен жүрөгүмдүн эң кымбат бөлүгүн бөлүшүп жатам... Кызымды сиздер менен тааныштырам", - деген билдирүү жазган.

Белгилей кетсек, Сиара 2016-жылы америкалык "Сиэтл Сихокс" футбол клубунун оюнчусу Расселл Уилсонго турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан