Аскадан кулап кеткен альпинист табыла элек

"Ала-Арча" жаратылыш паркында аскадан кулап кеткен альпинист табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, бүгүн, 17-февралда издөөнү улантуу үчүн 16 куткаруучу чыгып кетти.

"Бүгүн саат 06:45те ӨКМнын Аламүдүн райондук бөлүм башчысы жана 16 куткаруучу тартылып, издөө ишин улантууга чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.

Белгилей кетсек, "Ала-Арча" жаратылыш паркында 15-февралда альпинист аскадан кулап, 16-февралда издөө иштери башталган.

Кырсыкка кабылган альпинист кайсы мамлекеттин жараны экендиги тууралуу азырынча маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn2017
2018-02-17 14:25:26
Шашпай понедельник тен чыгат болчунарда издегени
+1
tatynam_88
2018-02-17 14:41:18
Шашпай табасынар да.суббота го.чет элдик дрондорду чакыргыла дагы...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан