ЖЫЛНААМА, 17-ФЕВРАЛЬ: Мыйзам менен достошууну каалабаган америкалык актриса жана модель Пэрис Хилтон 37 жашка толду

Америкалык актриса, дизайнер, ырчы жана фотомодель Пэрис Хилтон 1981-жылы 17-февралда Нью-Йоркто төрөлгөн. Ал "Жөнөкөй жашоо" аталышындагы реалити-шоуго катышып, атактуу болгон.

2000-жылы Дональд Трамптын T Management моделдик агенттиги менен келишим түзүп, профессионалдуу модель болгон. Кийинчерээк Нью-Йоркто Ford Models Management, Лондондо Models 1 Agency, Лос-Анжелесте Nous Model Management жана Лондондо Premier Model Management агентстволорунда иштеген. Хилтон белгилүү Iceberg, GUESS, Tommy Hilfiger, Christian Dior жана Marciano бренддеринин жарнамаларына чыгып, журналдар үчүн тартыла баштаган.

Атактуулуктун туу чокусуна 2005-2006-жылдары жеткен. Бул жылдары модель бир канча телеберүүлөргө тартылып, тасмаларда баш каармандын образын жарата баштаган.
Актриса бош убагында йога жана теннис менен машыгат. Ошондой эле кайрымдуулук менен алектенип, жаныбарларды коргоо үчүн колдон келген жардамын аябайт. Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, азыркы учурда анын үйүндө 35 ит-күчүктөрү бар.
Ушул кезге чейин мыйзам менен достошо албай келет. Тактап айтканда, бир канча ирет мас абалында жана жасалма документ менен унаа айдагандыгы, өтө катуу ылдамдыкта жүргөндүгү үчүн полиция тарабынан кармалган.
Бир жолу кумар оюндарына берилип кеткендиктен, Bentley Continental үлгүсүндөгү унаасын уттуруп жиберген. Ушул окуядан кийин кумар оюндарынан алыстоо үчүн дарыланып чыккан.
Актриса табитсиз кийинген атактуулардын сап башында турат. Көптөгөн басылмалар белгилешкендей, мунун себеби Хилтондун эч кимге окшошкусу келбегендигинде. Анын кечелерге кийип барган ар бир кийими кызуу талкууну жаратат.
Крис Зилка менен
Пэрис Хилтон турмушка чыгууга шашылбайт. Ал буга чейин бир канча мырза менен сүйүү мамилесин куруп келген. Бирок алардын баары менен тең мамилеси көп убакытка чейин созулган эмес. Өткөн жылдын аягынан тартып америкалык актёр жана модель Крис Зилка менен кыз-жигиттик мамилесин улантып келет.
17-февралдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MUHLISA
2018-02-17 15:12:06
Өздөрүн өтө цивилизованный эсептешет,бирок жасагандары короодогу арам адалды ажырата албаган жандыктан айырмалары жок.
+1
aza84
2018-02-17 15:35:34
Перистин ХХХ чыкты эле ошондо шок болдук элек
+1
aza84
2018-02-17 15:35:46
Киносу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан