Кышкы Олимпиада оюндары: Кышкы спорттун жети түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бүгүн, 17-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өтүп, 9 медалдар топтому ойнотулууда.

Муз үстүндө бийлөө боюнча эркектер арасында өткөн мелдеште япониялык Юдзуру Ханю биринчи орунду камсыздаса, экинчи орунду анын мекендеши Шома Уно камсыздады. Үчүнчү орунга болсо испаниялык Хавьер Фернандес жазылды.

Ал эми тоо лыжа спортунун супергигант түрү боюнча кыз-келиндер арасында өткөн жарышта чехиялык Эстер Ледецка алтын медаль тагынды. Күмүш байгени австриялык Анна Файт, коло медалды лихтенштейндик Тина Вайратер жеңди.

Ошондой эле бүгүн фристайлдын лыжа слоупстайл түрү боюнча мелдешинин кыз-келиндер арасында өткөн финалы жыйынтыкталды. Анда швейцариялык Сара Хоффлин биринчи орунду ээлесе, анын командалашы Матильда Гремо экинчи болду. Үчүнчү орунду улуу британиялык Изабэль Аткин жеңди.

Лыжа жарышынын кыз-келиндер арасында өткөн эстафета жарышында норвегиялык спортчулар 1-орунду багынтса, 2-орунду Швециянын спортчулары ээледи. Олимпиаданын желегинин астында чыккан Орусиянын спортчулары 3-орунду камсыздай алышты.

Биатлондун масс-старт түрү боюнча кыз-келиндер арасында өткөн жарыштын алтын медалын словакиялык Анастасия Кузьмина жеңди. Күмүш медалды беларустук Дарья Домрачева камсыздаган. Ал эми коло байгени норвегиялык Тириль Экхофф багындырды.

Шорт-трек боюнча 1,5 чакырым аралыктагы кыз-келиндер жарышынын алтын байгесин түштүк кореялык Чхве Мин Жон багындырса, күмүш медалды кытайлык Ли Цзиньюй камсыздаган. Коло байгени канадалык Ким Бутен жеңди.

Шорт-тректин эркектер арасында өткөн 1 чакырым аралыктагы жарышын канадалык Самуель Жирар багындырды. Ал эми АКШлык Жон-Генри Крюгер күмүш байгени багынтса, коло байгени түштүк кореялык Со Ли На жеңген.

Жалпы командалык эсепте азыркы тапта Германия курама командасы 9 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Норвегия курама командасы (7 алтын, 8 күмүш жана 5 коло медаль), 3-орунда 6 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sizge.kat
2018-02-17 20:27:31
Биздики эртен бир алтын андан кийин даагы бир алтын женип алса ээ атангору мен атайын той жазайт элем
-1
buiga
2018-02-17 20:40:23
Биздики келди го акыркынын биринчиси болуп.))Эми экинчи спортчудан умут кылабыз.
-1
Rasul94
2018-02-17 21:23:19
супер инфо.Кыргызстандыктар оюнга чыга турган кунун кабарлап койосунарбы мен бир коройун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан