Кышкы Олимпиада оюндары: 18-февралда Кыргыз спортчусу Евгений Тимофеев жарышка чыгат

18-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 10 түрүнөн жарыштар өтүп, 6 комплект медалдар топтому ойнотулат.

Ошол күнү Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган Евгений Тимофеев тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча жарышка түшөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 07:15те башталат.

Кыргыз өлкөсүнөн барган Евгений 110 спортчунун ичинен 92чи болуп жарыш талаасына чыгат.

Айта кетсек, Евгений Тимофеев экинчи мелдешин 22-февралда өткөрөт. Ал анда тоо лыжасынын слалом түрү боюнча жарышта өз күчүн сынайт.

Буга чейин Тариел Жаркымбаев спорттун лыжа менен жарышуу түрү боюнча мелдешке чыгып, 79 спортчунун ичинен 78-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ali-han
2018-02-17 22:12:26
109чу келсе эч таң калбайбыз! Так что Женя смело)))
-2
Altyn10076
2018-02-17 22:39:39
Куттуктаймын 78инчи келген үчүн.
-1
KUBI
2018-02-17 22:41:03
Арт жактан биринчини эч кимге бербейли.Чамдагыла жигиттер.
+3
Shekeev969798
2018-02-18 01:55:08
KUBI,Жардын ха ха
-2
ararat...
2018-02-17 22:43:42
Аракетчил жигиттер алга! Алдыбы же артыбы биздин сыймыктар. Колдоо гана жок спортчуларга...
+6
O.dembele
2018-02-17 23:07:06
Эн биринчи спортту онуктуруш керек!
+8
555-777
2018-02-17 23:12:28
Акыркынын биринчиси болуп келишин менен алдын ала куттуктап коё берели.
-2
vavilon.
2018-02-17 23:43:13
Мумкун алдынкы ондукта болуп калаар. Алдын ала чечим чыгарбай туралы.
0
ekastagram
2018-02-18 00:28:22
Жакшы умут кылгыла. Ойу жамандар.
0
Dembele84
2018-02-18 02:16:31
ekastagram, Ойду жакшы кылсан жаман кылсан деле ошо корунуш,калп эле колдоочу болуштун кереги жок.Мен сразу айтам эч кандай орунга илешпейт,себеби даярдык жок,колдоо жок.Минусту каалаганча баскыла,болушун болгондой айтам,озумду алдап сооротпойм!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан