Британиялык компания кайсы өлкөнүн спортчулары Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында байгелүү орундарга жетсе, эң көп сый акы аларын изилдеп чыкты. Ага ылайык, эң көп сый акыны коңшу Казакстан өлкөсү берери маалым болгон. Алар алтын үчүн 215 миң евро, күмүшкө 125 миң евро жана колого 62,5 миң евро берерин убадалашкан.
Ал эми экинчи орунда Италия өлкөсү турат. Алар алтын медалга 150 миң евро, күмүш медалга 75 миң евро, коло медалга 50 миң евро беришет. Италиядан кийин эле Латвия, Беларусь, Украина жана Чехия жайгашкан.
Бул тизмекке Кыргыз өлкөсү кирген эмес.