Кышкы Олимпиада оюндары: Тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча мелдеш старт алды. Спорттун бул түрүнөн Кыргыз спортчусу Евгений Тимофеев да чыгат

Бүгүн, 18-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 10 түрүнөн мелдештер уланат. Учурда тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча мелдеш старт алды. Спорттун бул түрүнөн Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган Евгений Тимофеев жарыш талаасына 92чи болуп чыгат.

Аны менен бирге 110 спортчу өз күчүн сынашууда. Биринчи аракетте тийиштүү упай топтой албагандар экинчи баскычка өтө алышпайт. Экинчи аракет Бишкек убактысы менен саат 10:45 башталат.

Айта кетсек, Евгений Тимофеев экинчи мелдешин 22-февралда өткөрөт. Ал анда тоо лыжасынын слалом түрү боюнча жарышта өз күчүн сынайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhookaev
2018-02-18 07:30:35
90 спортчу тушкучо жолдун сапаты кетет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан