Кышкы Олимпиадада Кыргыздын атынан тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча катышкан Евгений Тимофеев 72-орунга ээ болуп, экинчи баскычка өттү

Бүгүн, 18-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча мелдеш старт алды. Спорттун бул түрүнөн Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган Евгений Тимофеев жарыш талаасына чыгып, 110 спортчунун ичинен 72-болуп келди.

Белгилүү болгондой, биринчи аракетте тийиштүү упай топтой алган 85 спортчу экинчи баскычка өттү. Алардын арасында Тимофеев да бар. Экинчи аракет Бишкек убактысы менен саат 10:45 башталат.

Айта кетсек, Евгений Тимофеев экинчи мелдешин 22-февралда өткөрөт. Ал анда тоо лыжасынын слалом түрү боюнча жарышта өз күчүн сынайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Zamka79
2018-02-18 09:42:58
Алга Кыргызстан!!!
+2
jbolotov
2018-02-18 10:19:29
Уят болдукго. Мамлекет деле бираз болсода даярдыка акча болот экен, спортсмендер начар окшойт.
-5
kani-esen
2018-02-18 10:57:22
Саат 11 болду го. Качан чыгат биздин ойунчу
-4
Dembele84
2018-02-18 10:58:31
Даярдык жок,колдоо жок только артта журо бергиле молодцы!
-3
alyaiza
2018-02-18 11:04:55
Dembele84,жакшы каалоо тилеп койгула жон гана 72орун да жакшы корсоткуч жоктон кору жогору мамлекеттин эч кандай колдоосу жок оз жанынан барып катышып атат биздин спорт чебрлери!
+7
roklait
2018-02-18 10:59:25
Кийинкм айлампада да ушул эле көрсөткүч болот.
-5
Makain
2018-02-18 11:03:10
Молодец алага Кыргызстаным
+2
zahid
2018-02-18 11:25:08
Коментарий жазгандан башка колунардан эч нерсе келбегенден кийин спортчуларды жамандабагыла. Болбосо озунор баргыла!!!
+5
grace
2018-02-18 11:27:24
Азамат, ошончо өз күчү менен даярданып жүргөн спортсмендерге! 30млн калкы бар өзбектер деле 2 ни жөнөткөн, дайыны жок. Баары алдыда!
+7
Adil706070
2018-02-18 11:42:35
Жаркынбаевге караганда тузук экинчи баскычка отсо да биз учун жеништей эле туюлат экен.Алтындан го умут деле жок алдынкы 10жылда
+1
Freemankg
2018-02-18 12:12:08
Adi5l706070,каяктагы 10 жыл бери дегенде 50
-3
Pandora
2018-02-18 12:52:26
110чу болбогонуна шугур
+3
Nurbag
2018-02-18 21:41:55
ОЗУ 110 дон 72 жакшы эмес таланттарды айылдан издеш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан