Пакистандын соту сегиз жаштагы Зайнап Ансарини зордуктап, өлтүрдү делген 24 жаштагы Имран Алини өмүр бою эркинен ажыратып, аны дагы жети баланы өлтүргөн деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 8 жашар Зайнап Ансаринин жансыз денесин полиция кызматкерлери 9-январда Касур шаарында таштанды кутуларынын биринен тапкан. Текшерүүдө секелек кыз зордукталганы аныкталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Зайнап 4-январь күнү куран сабагынан чыккандан кийин дайынсыз жоголгон. Бул окуя Пакистанда ири нааразычылыктарды жаратып, миңдеген адамдар окуя болгон Касур шаарында көчөлөргө чыгып, мындай кылмыштарга чукул чара көрүүнү талап кылышкан. Мындан улам жергиликтүү тургундар полиция бекетине чабуул коюшуп, андагы кагылышуудан эки адам каза болгон.
Касур полициясынын маалыматына ылайык, аймакта соңку бир жылда кыздар уурдалган, зордукталган же киши колдуу болгон 12 факт катталган. Алардын сегизине жогоруда аталган кылмышкердин тиешеси бар болгондугу аныкталган.