Голливуд актрисасы Женнифер Энистон жолдошу Жастин Теру менен ажырашканын жарыялаган соң дароо эле экөөнүн үлпөт тою өткөн хан сарайды сатыкка койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Бэл-Эйрдеги хан сарайдын сатыкка коюлган баасы 15 миллион долларды түзөт. Актриса бул үйдү 2011-жылы сатып алып, 2015-жылы Теру менен бирге үлпөт тоюн да дал ушул жерден белгилешкен.
Кызыгы, Энистон жакында эле белгилүү басылмалардын бирине үйүн толугу менен тартууга, кандай үйдө жашай турганын коомчулукка ачык көрсөтүүгө уруксат берген.
"Бул жерде баары жакшы. Тынч, тааныш дубалдар, сүйүктүүм жанымда. Мен бул хан сарайда жүргөндө таптакыр сыртка чыккым келбейт", - деп айткан ал.
Мындан улам көптөгөн интернет колдонуучулары актриса үйүн жарнамалоо үчүн гана журналга жарыялоого уруксат берген деп, аны эки жүздүү катары сыпатташкан.