Мурдагы депутат Жусупали Исаевдин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгынын чоо-жайы

Мурдагы депутат Жусупали Исаевдин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгынын чоо-жайын SUPER.KG`ге Баткен облусунун жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын басма сөз кызматчысы Чолпонбай Арстанбеков айтып берди.

"Жол кырсыгы 18-февралга караган түнү болжол менен саат 00:20 чамасында Ош-Баткен-Исфана жолунун 290-чакырымындагы Лейлек районунун Рават айылында болгон. Анда "Range Rover" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюу тумандан улам жол четинде токтоп турган КамАЗды келип сүзгөн. Жеңил машинаны Исфана шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган Э.Д. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан Жусупали Исаев ооруканага жетпей каза болгон. Андагы дагы бир жүргүнчү А.Р. аттуу жаран Баткен облустук ооруканасына жеткирилген", - деди Арстанбеков.

Ошондой эле кырсыктан башка жабыркагандар болгон эместигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин V чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон Жусупали Исаев жол кырсыгынан каза болгону тууралуу маалымат бүгүн, 18-февралда белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Adyl1502
2018-02-18 13:37:21
КАМАЗ дейби?!Темир Жумакадыров да КАМАЗ менен сузушкон болчу
+3
Adiletia
2018-02-19 10:07:23
Депутат болсо эмне экен. Убагында жегич болсо керекда. аша ушу баткенчилерге жакындыгынын себеби эмнеде
-4
bayana1987
2018-02-19 13:36:17
Adiletia,жүрөк дегенден таптакыр жок экен сизде. Өлгөн адамга асылбасаңыз боло, тирүүлөрү деле жетишмек. Ыйманы саламат болсун
0
Abdusamat.kg
2018-02-18 14:28:06
Камазды келип туруп урган болсо камаз кутулуп кетсе керек . Же ага да күнөө коёбу туура эмес жерге койгон деп айыпты илеби??? Ыйманы саламат болсун. Жакындарына сабыр
+4
NURTILEK_KG
2018-02-18 14:39:34
Жаткан жери жайлуу болсун кудайым.
+1
Paprikafm
2018-02-18 14:45:36
Не балее депутаттар кырылып жатат, тооба кылдым, кудай сактасын.
0
lenin1870
2018-02-18 22:29:21
копкондор же акчалуулар жолдун ортосуна токтотушат.озун эр сезишип уважение дегенди билбейт.тартипти кучоттук дейт закону карапайым элге эле иштепатат.может камазда линиядан толук чыкпай эле токтоп тургандыр.если ошондой болсо камаз айыптуу болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан