Ош облусундагы Кара-Суу районунда 10-класстын окуучу кызы асынып каза болду. Бул боюнча SUPER.KG`ге Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева билдирди.
"Окуя бүгүн саат 11лер чамасында катталган. Анда Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы 2002-жылы туулган Ж.кызы Н. үйүнүн астындагы бастырмага асынып алган. Маркум кыздын ата-энеси кызынын жакшы эле жүргөнүн жана алар эч нерсе деп катуу айтышпагандыгын билдиришти. Учурда бул окуя боюнча классташтары жана мугалимдери суракка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Сатарбаева.