Каракол шаардык прокуратурасы аталган шаардагы мамлекеттик "Ишкер" микрокредиттик агенттигинин жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ысык-Көлдөгү "Ишкер" микрокредиттик агенттигине мамлекеттен жарандарга насыя берүү үчүн которулган 1 миллион 545 миң 620 сомду мекеменин кызматкерлери өздөрүнө маяна катары жаздырып алганы белгилүү болгон. Кызматкерлер бул акчаны 2008-2016-жылдар аралыгында колдонушкан. Ал эми ишкананын жобосуна ылайык, агенттиктин кызматкерлери насыяга берилген акчанын туумун гана алышы керек эле. Учурда бул ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергеп жатат.
Белгилей кетсек, “Ишкер” микрокредиттик агенттиги 1999-жылы калкты жумуш менен камсыз кылуу, орто жана чакан ишкерликти колдоо, ишсиз жарандарга жардам берүү максатында ачылган.