Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы учак кырсыгынан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 18-февраль күнү Тегеран-Ясуж багыты боюнча абага көтөрүлгөн учак Семиром шаарына жакын жерге кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен учактын ичиндеги 60 адам жана экипаждын 6 мүчөсү каза болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, учак абага көтөрүлгөндөн 50 мүнөт өткөн соң радардан жоголуп, андан соң кулаган.