Кышкы Олимпиада оюндары: 18-февралда спорттун 10 түрүнөн мелдештер уланып, 6 медалдар топтому ойнотулду

18-февраль күнү Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 10 түрүнөн мелдештер уланып, 6 медалдар топтому ойнотулду.

Алсак, тоо лыжа спортунун гигант слалом түрүндө австриялык Марсель Хиршер алтын байге тагынды. Экинчи орунду норвегиялык Хенрик Кристофферсен жеңсе, франциялык Алексис Пинтуро коло медаль тагынды. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн барган Евгений Тимофеев 110 спортчунун арасынан 63-орунду ээледи.

Слоупстайл боюнча алтын байгени норвегиялык Ойстейн Браатен алса, АКШлык Ник Гоеппер күмүш, канадалык Алекс Болье-Маршан коло медаль тагынды.

Лыжа эстафетасынан Норвегия 1-орунду, Олимпиада желегинин астында чыккан орусиялык спортчулар 2-орунду, Франция 3-орунду ээлешти.

Ал эми биатлондун масс-старт мелдешинде алтын медалды франциялык Мартен Фуркад тагынды. Германиялык Симон Шемп күмүш алса, норвегиялык спортчу Эмиль Хегле Свенсен коло байгенин ээси болду.

Фристайлдын акробатика түрүнөн Александр Абраменко алтын медаль жеңип Украинанын капчыгына алгачкы алтын байгени алып келди. 2-орунду кытайлык Цзя Цзунян камсыздаса, орусиялык Илья Буров 3-орунду багынтты.

500 метр аралыккка коньки менен чуркоо боюнча кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште япониялык Нао Кодаира олимпиадалык рекордду жаңылап, алтын байгенин ээси болду. Түштүк кореялык Сан Хва Ли күмүш байгени тагынса, чехиялык Каролина Эрбанова коло медалдын ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан