Футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 2-айлампасынын кезектеги оюну 18-февраль күнү өтүп, анда “Бакубат Талас” “Фарватерден” 2:6 эсебинде жеңилип калды. Ал эми “Алга” “Жакшылыкты” 6:3 эсебинде жеңип, 2-айлампанын алкагында 3 оюн катары менен жеңишке жетти. “Sun City” “Мурас” беттеши 2:10 эсебинде “Мурастын” жеңиши менен аяктады.
Эске салсак, 16-17-февраль күндөрү да беттештер өткөн. 16-февраль күнү “Sun City” “Фарватер” менен кез келип, 1:4 эсебинде “Фарватерге” жеңилип калды. Ал эми “Алга” “Мурасты” 4:2 эсебинде жеңсе, “Бакубат Талас” 3:7 эсебинде “Жакшылык” командасынан утулуп калган.
17-февраль күнү “Бакубат Талас” “Мураска” 3:6 эсебинде жеңилип калды. “Жакшылык” “Sun City” оюну 9:3 эсебинде “Жакшылыктын” жеңиши менен аяктады. “Алга” болсо “Фарватерди” 8:2 менен жеңген.