Венесуэланын Боливар штатында жеңил кыймылдаткычтуу учак турак үйдүн үстүнө кулап, бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришти.
Маалым болгондой, учак Сьюдад-Боливар шаарындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган. Ошол учурда үйдүн ичинде эки адам болгон. Бактыга жараша алар аман калышкан. Ал эми учактын ичиндеги эки адамдын бири Жонни Саллоум күйүп кеткен. Экинчиси Хосе Малаве оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.