Беларустун атынан "Евровидение" сынагына украин улутундагы ырчы катышат

Беларусь өлкөсүнүн атынан "Евровидение" сынагына украин улутундагы ырчы 24 жаштагы Никита Алексеев катышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Украиналык белгилүү жаш ырчынын музыка дүйнөсүндөгү эң чоң сынактардын бирине эмне себептен Беларустун атынан катышайын деп жаткандыгы азырынча белгисиз.

"Алексеевдин "Евровидение 2018" сынагын жеңүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал көптөгөн ырчылардын арасынан өзүнүн талантын болгон дареметин көргөзө алды. Биз ага ишенебиз", - деди ырчыны атайын сынактан тандап алган калыстар тобунун мүчөсү.

Никита Алексеев өзүнүн "Пьяное солнце", "Океанами стали" аттуу ырлары менен белгилүү.

“Евровидение 2018” ыр сынагы быйыл май айында Португалиянын борбор шаары Лиссабондо өтөт.

“Евровидение” эл аралык ыр сынагы 1959-жылдан тарта уюштурулуп келет. Жылына бир жолу өткөрүлсө да, анын көрүүчүлөрү 600 миллиондон ашып, сынак бир канча өлкөлөрдө түз эфирде көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан