"BAFTA" киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Британиялык "BAFTA" киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, англиялык режиссёр Мартин Макдонахтын "Эббинг жана Миссуринин чек арасындагы 3 билборд" аталышындагы тасмасы "BAFTA" киносыйлыгынын бир нече номинацияларында жеңүүчү деп табылды. Тактап айтканда, аталган фильм сынакта 9 номинация боюнча ат салышып, "Аялдын мыкты ролу" наамын андагы баш каармандардын бири 60 жаштагы Фрэнсис Макдорманд жеңип алган. Ошондой эле "Эң мыкты сценарий" наамына ээ болуп, "Экинчи пландагы мырзанын мыкты ролу" сыйлыгы Сэм Рокуэллге ыйгарылган.

"BAFTA" - кинемотографияны пропаганда кылган жана колдогон көз карандысыз кайрымдуулук уюм. Ал 1947-жылдын 16-апрелинде британиялык кинорежиссёр Дэвид Лин тарабынан негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан