SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова.
Алина Жетигенова 1964-жылы 6-ноябрда Таластын Арал айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" деген ыры менен аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" деген топто иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.
Убагында ырчынын аткаруусундагы сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры хит болгон. Учурда аталган чыгарманы жаш ырчы Айдана Дека аткарып жүрөт.
"Бул жылы чыгармачылыкка катуу киришип, жаңы жаратуулардын үстүнөн иштейм", - деген ырчы жакында эле чач жасалгасын өзгөрткөнүн маалымдаган.
Алина Жетигеновага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы 21-февраль күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.