Белгилүү дизайнер Виктория Бекхэмдин баласы апасынын урматына татуировка тарттырды

Британиялык дизайнер Виктория Бекхэм менен мурдагы футболчу Дэвид Бекхэмдин улуу баласы Бруклин апасынын урматына татуировка тарттырды. Бул тууралуу дизайнер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.

Тактап айтканда, Виктория Бекхэм интернеттеги баракчасына баласы менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Анда дизайнер уулунун колунда тартылган татуировканы көрсөтүп түшкөн. Ал жүрөк формасындагы татуировканын ортосунда "апа" деген жазуу көрүнүп турган.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул көрүнүшкө суктанып жатышканын билдирип, ар бир эле бала апасына болгон сүйүүсүн ушундай түрдө билдире албастыгын жазып өтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-02-19 18:49:28
Аябай жакшы иш Кылыптыр! Эми башка жерине да тарттырсын атама деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан