Америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопеске сүйүктүүсү 186 миң долларлык шакек белек кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, бейсболчу Алекс Родригес сүйүктүүсү Женнифер Лопес менен бирге италиялык "Casa Tua" ресторанына тамактанганга келишкен, ошол жерден Родригес ырчынын колуна 186 миң долларлык шакекти салган. Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, кымбат баалуу шакек ак алтындан жасалып, зымырыт, бриллиант, агат кымбат баалуу таштар менен кооздолгон.
Айта кетсек, Родригес менен Лопес мамилелери тууралуу 2017-жылдын февраль айында коомчулукка ачык жарыялашкан.