Бириккен Араб Эмираттарында 16-24-февраль аралыгында өтүп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз спортчусу Эсен Калиев күмүш медалдын ээси болду.
Эсен Калиев 59 килограммга чейинки салмак ченинде өткөн мелдешке катышты. Ал мелдештин жыйынтыгында 163 килограмм салмакты көтөрүп, күмүш медалдын ээси болду. Ал эми 1-орунду бул салмак категорияда 178 килограмм салмакты көтөргөн иорданиялык Мохаммед Тарбаш ээлесе, коло медалдын ээси таиланддык Чоочат Сукярерн 150 килограмм салмакты көтөрдү.
Айта кетсек, Эсен Калиев Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Паралимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген.